АКИpress - Кыргызстанда Аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) ассоциациясы түзүлдү. Аны УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жетектейт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ассоциацияны түзүү чечими 17-апрелде кабыл алынды. Иш-чарага Улуттук кулатуу күрөш федерациясы, «WEF GLOBAL MMA», «GAMMA MMA» жана «IMMAF Кыргызстан» уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Ассоциация мелдеш өткөрүү ишмердүүлүгүн координациялап, мүмкүн болгон талаш-тартыштарды алдын алып, аралаш мушташ өнөрлөрүнүн өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде өнүгүшүн камсыздайт. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында ММА боюнча мелдештерди өткөрүү Спорт агенттиги менен милдеттүү түрдө макулдашуу аркылуу ишке ашырылары белгиленди.
Ассоциациянын вице-президенттери болуп төмөнкүлөр дайындалды:
Руслан Кыдырмышев («WEF GLOBAL MMA» президенти);
Бабур Төлбаев («GAMMA MMA» президенти);
Абдирашид Жолчубаев (Кулатуу күрөшү федерациясынын президенти);
Ырыскелди Нарбаев («IMMAF Кыргызстан» федерациясынын президенти).
Ал эми ассоциясынын башкы катчысы болуп Кулатуу күрөшү боюнча федерациянын башкы машыктыруучусу Эмил Токтогонов дайындалды.