АКИpress - Тоноочулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 4-апрелде түнкү саат экилер чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Үмөталиев көчөсүнүн кесилишинде мопед айдап бараткан 17 жаштагы уулуна жана анын 15 жаштагы досуна кол салуу болгон. Өспүрүмдөрдү сабап, мопедин жана уюлдук телефонун тартып алышкан.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча каттоого алынып, шектүү катары 2007-жылы туулган Ж.С. жана 2005-жылы туулган Э.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат.