00:41, 18-апрель, 2026

Президент Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Масадыков менен аймактык коопсуздукту талкуулады

На русском
15:27, 17-апрель, 2026 209

АКИpress - Бүгүн, 17-апрелде президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсудук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөлөрдүн жамааттык коопсуздугун бекемдөө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин биргелешкен чараларынын натыйжалуулугун арттыруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы Кыргызстандын өкүлүнүн уюмдун башкы катчысы кызматына дайындалышы маанилүү окуя экенин белгилеп, Таалатбек Масадыковго уюмдун ишин мындан ары чыңдоого, анын кадыр-баркын жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган миссияны ишке ашырууда ийгиликтерди каалады. 

Президент 2025-жылы төрагалык кылган мезгилде Кыргызстан мамлекеттер аралык саясий диалогду чыңдоого, биргелешкен механизмдердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурганын айтты. 

«Мисал катары Кыргызстан тарабынан демилгеленген киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык конференцияны белгилөөгө болот. Ал жогорку деңгээлде жана натыйжалуу өткөрүлдү», - деди Садыр Жапаров.

Ал учурда Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жатканына токтолду. Ошондой эле Жапаров ЖККУ менен ШКУнун үч тараптуу макулдашуулардын негизиндеги кызматташуусу Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылууга жана туруктуу өнүгүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Таалатбек Масадыков мамлекет башчыга жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аймактык коопсуздукту чыңдоо үчүн учурдагы диалогдун маанилүүлүгүнө токтолду. 

Ал президентке 2025-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын тапшырмаларын аткаруу үчүн бардык күч-аракеттер жумшалаарын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров жана Таалатбек Масадыков Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуудагы негизги ролу мындан ары дагы чыңдала берерине ишеним билдиришти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»