АКИpress - Балдарды коркуткан жылаңач эркек киши кармалды, деп билдирди 17-апрелде Октябрь райондук милициясы.
Окуя 13-апрелде саат 11:00дө Бишкектин 4-кичи районунда болгон. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган.
Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында милиция кызматкерлери видеодогу адамдын өздүгүн аныкташты. Ал 1995-жылы туулган О.М. болуп чыкты.
Ал Республикалык психикалык борбордо каттоодо турганы белгилүү болду.