08:04, 18-апрель, 2026

18-апрелге карата аба ырайы

На русском
12:58, 17-апрель, 2026 686

АКИpress - Кыргызстан боюнча 18-апрелге карата аба ырайынын божомолу.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түндө Чүй облусунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +2...+7

күндүз +12...+17

Талас облусу

түнкүсүн +1...+6

күндүз +10...+15

Баткен облусу

түнкүсүн +4...+9

күндүз +16...+21

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +4...+9

күндүз +16...+21

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +1...+6

күндүз +12...+17

Нарын облусу

түнкүсүн 0...+5

күндүз +12...+17

Бишкекте түндө мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түндө абанын температурасы +5...+7°, күндүз +14...+16° болот.

Чолпон-Атада түндө мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түндө абанын температурасы +4...+6°, күндүз +12...+14° болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»