14:21, 17-апрель, 2026

Бишкекте дагы төрт автобустун маршруту өзгөрөт

На русском
12:43, 17-апрель, 2026 234

АКИpress - 18-апрелден тарта Бишкекте Муромская көчөсүнүн Барпы Алыкулов көчөсүнөн Кипкалов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Борбор калаанын мэриясы билдиргендей, бул тилкеде канализация жана суу тармактарын оңдоо, асфальттын эки катмарын төшөө, ошондой эле ирригациялык системаны куруу иштери жүргүзүлөт. Жолдун туурасы 14 метрди түзүп, эки тарабына туурасы 3 метрден болгон тротуарлар салынат.

Буга байланыштуу №23, №18, №135 жана №161 автобустар убактылуу башка көчөлөр менен каттайт. 

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»