АКИpress - 2025-жылы 6131 кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асаналиев «АКИpress» агенттигине берген маегинде билдирди.
Бул маалыматтар 2025-жылдын январь айынан сентябрга чейинки мезгилге таандык.
Ошондой эле ал 2024-жылы 11 миң 641 жаран Орусиянын жарандыгын алганын маалымдады.