13:38, 17-апрель, 2026

Бишкекте 4 автобустун багыты убактылуу өзгөртүлдү

На русском
11:30, 17-апрель, 2026 246

АКИpress - Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолуп жаткандыгына байланыштуу 4 автобустун каттамы убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

№13, №35, №45 жана №23 автобустар убактылуу башка көчөлөр менен каттайт. 

Учурда бул тилкеде диаметри 600 мм болгон канализациялык коллекторду орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»