14:05, 17-апрель, 2026

Жалал-Абад милициясындагы жетекчи кармалды

На русском
10:18, 17-апрель, 2026 2168

АКИpress - Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда 15-апрелде Жалал-Абад облустук милициясынын башчысынын орун басары (полковник К.К.И.) жана ОИИБдин тергөөчүсү (майор Т.А.Ж.) пара алып жаткан жеринен кармалышты. Алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн 2000 доллар талап кылышкан. Алар ОИИБ имаратында 170 000 сом алып жаткан учурда колго түштү.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

К.К.И. деген инициалдарга Калыков Канат Ишенбековичтин аты-жөнү туура келет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»