АКИpress - Бишкекте «Издөө» рейдинин жүрүшүндө кылмыш жасаган деп шектелген 10 адам кармалды, алардын үчөө издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Ошондой эле дайынсыз жоголгон 7 жарандын жүргөн жери аныкталды.
Андан тышкары Россиянын аймагында издөөгө алынган 4 жаран кармалды. Алар ички иштер органдарына жеткирилди.
Рейд 15-16-апрель күндөрү Ленин районунда өттү.