04:32, 17-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:49, 16-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Түркияда 14 жаштагы окуучу 9 адамды атып өлтүрдү
08:31, 16-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Доллардын эртең мененки баасы

16-17-апрелде Кыргызстанда аба ырайы суук болот

На русском
16:43, 16-апрель, 2026 1153

АКИpress - «Ventusky» ресурсунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 16–17-апрелде абанын температурасы төмөндөп, жаан жаайт. Синоптикалык картадан көрүнүп тургандай, буга аймак аркылуу суук аба массасынын өтүшү жана циклондун таасири себеп болот.

Буга чейин өлкө аймагына түштүк кеңдиктерден жылуу аба келип жаткан. Учурда Борбор Азия аймагы аркылуу суук фронт өтүп, анын артынан түндүк-батыштан муздак аба массасы келе жатат.

Казакстандан келген муздак аба Кыргызстанды көздөй жылып, жылуу массаны жогору айдап жатат. Бул ала булуттун пайда болушуна жана жаан-чачынга алып келет.

Бул жерде кошумча фактор — төмөнкү атмосфералык басым аймагы (циклон). Ал аба ырайынын туруксуздугун күчөтүп, кээ бир жерлерде күн күркүрөө менен коштолгон жаанга өбөлгө түзөт. Тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн.

Божомолго ылайык, жаан-чачын кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ.

Кыргызстандын шаарларындагы абанын температурасынын болжолу:

[Кызыл түс менен күндүзгү абанын температурасы, көк түс менен түнкү абанын температурасы көрсөтүлгөн]

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»