21:00, 16-апрель, 2026

Сокулукта унаа айдап качканга шектүү кармалды

На русском
17:50, 16-апрель, 2026 358

АКИpress - Унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

15-апрелде милицияга Бишкек шаарынын 1987-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, саат 09:50 чамасында белгисиз адам Сокулук районунун Кожомкул айылындагы апасынын үйүнүн видеобайкоо камераларынын зымдарын кесип, үйгө мыйзамсыз кирген.

Ошондой эле дарбазанын алдында турган күмүш түстөгү «Subaru Legacy» унааны айдап качып кеткен.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражатын айдап качуу) боюнча каттоого алынып, 2000-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Уурдалган унаа мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»