04:25, 17-апрель, 2026

Кыргызстандык өспүрүм балбандар Түркияда 15 медалга ээ болушту

На русском
15:03, 16-апрель, 2026 308

АКИpress - Кыргызстандык спортчулар Түркияда өткөн күрөш боюнча эл аралык мелдеште 15 медалга ээ болушту.

«Victory Cup» мелдеши 12-14-апрель күндөрү Анталия шаарында өттү.

17 жашка чейинки спортчулар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча жалпысынан 33 алтын медаль ойнотулду.

Кыргызстан курама командасы 3 алтын, 3 күмүш жана 9 коло байгелүү болушту.

Грек-рим күрөшү

2-орун Арсен Асанкулов 45 кг;

2-орун Сыймык Аскаров 60 кг;

3-орун Акжол Керимкулов 45 кг;

3-орун Арсен Шарапов 55 кг;

3-орун Хасан Гасанов 92 кг.

Курама командасынын улук машыктыруучусу — Дастан Муктаров.

Эркин күрөш

1-орун Амир Сагынбаев 45 кг;

3-орун Алан Данияров 48 кг.

Курама командасынын улук машыктыруучусу — Надырбек уулу Улан.

Кыз-келиндер күрөшү

1-орун Асема Асангарыева 43 кг;

1-орун Адинай Баизкулова - 57 кг;

2-орун Үмүт Максатбекова - 46 кг;

3-орун Токтосун кызы Асел - 49 кг;

3-орун Айдеми Асангазиева - 53 кг;

3-орун Аяна Дүйшөнкулова - 53 кг;

3-орун Гүлмайрам Абдыкеримова - 53 кг;

3-орун Асема Айтмырсаева - 65 кг;

Курама командасынын улук машыктыруучусу — Нурсултан Аскарбеков.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»