АКИpress - Жети дубандын айдоочулары оң рулдуу унаа менен такси кызматын көрсөтүүгө 2030-жылга чейин уруксат берүүнү суранышты. Алар бүгүн, 16-апрелде «АКИpress» агенттигиниде өткөн маалымат жыйында мындай унааларга карата киргизилген тыюу салууну убактылуу жылдырып турууну өтүнүп, өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылышты.
Лицензиялоону токтоткондон кийин оң рулдуу унаалардын баасы арзандаганы жана регион аралык жүргүнчү ташуу кызматынын баасы кымбаттагандыгы айтылып, чогулгандар сол рулдуу унаа алууга мүмкүнчүлүк болбой жатканын белгилешти.
Алар бүгүн М.Горький атындагы скверде тынчтык митинги өтүп, ага 450дөй айдоочу катышып, ушул эле талапты суранышканын билдиришти.
«Биз мамлекеттик органдын баарына кайрылдык. Бирок маселе чечилбей жатат. Акыркы үмүтүбүз сизде. Сураныч оң рулдуу унаалардын маселесин жеке көзөмөлүңүзгө алып, адилеттүү чечим чыгарып бересиз деп күтөбүз», - деди Элеман Эмилбек уулу.
Айдоочулардын бири Мурат Беркутбаев Талас облусунун Бакай-Ата районунан келгенин айтып, оң рулдуу унааларга автобекеттин аймагына кирүүгө тыюу салынганын кошумчалады.
2025-жылдын 22-августунан тарта Кыргызстанда оң рулдуу унаалар менен коммерциялык иш жүргүзүүгө тыюу салынган. Ал эми лицензиясы жок айдоочуларга карата 2026-жылдын 1-февралынан тарта айып пул салына баштаган.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун былтыркы маалыматтарына ылайык, өлкөдө катталган унаалардын 14%ы — оң рулдуу.