13:38, 17-апрель, 2026

Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жакын жер титирөө катталды

На русском
14:48, 16-апрель, 2026 368

АКИpress - 16-апрелде саат 05:57де Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Сейсмостанциялардын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогундагы күчү 4,5 баллга жакын болду.

Жер титирөөнүн очогу Коңорчок айылынан 18 км түндүктө, Чолок-Кайың айылынан 16 км, Жаңы-Тилек айылынан 20 км, Баетовдон 28 км түндүк-батышта, Кош-Булак айылынан 23 км түштүк-чыгышта жана Нарын шаарынан 115 км түштүк-батышта жайгашкан.

Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү төмөнкүдөй сезилди:

Коңорчок жана Чолок-Кайың айылдарында — 3,5 баллга жакын,

Кош-Булак, Жаңы-Тилек жана Баетов айылдарында — 3 баллга жакын.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»