13:24, 16-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 14-апрель, 2026 (25 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду
09:45, 15-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Эдил Байсаловдун ордуна ким дайындалды?

4 млн сомдук алдамчылыкка шектелгендер кармалды

На русском
21:26, 15-апрель, 2026 978

АКИpress - Алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

3-мартта милицияга эркек киши арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2-мартта белгисиз адамдар өздөрүн мамлекеттик органдардын (анын ичинде «Түндүк», Улуттук банк жана ИИМ) кызматкерлери катары тааныштырып, кайра кайтарып берүү убадасы менен акча алышкан. Алар жабырлануучуну соода борборлорундагы төлөм терминалдары аркылуу акча которууга көндүрүшкөн. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 3 млн 935 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1998-жылы туулган М.А., 2001-жылы туулган А.А. жана 2007-жылы туулган Ч.К. кармалды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»