13:24, 16-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:09, 14-апрель, 2026 (25 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду
09:45, 15-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Эдил Байсаловдун ордуна ким дайындалды?

Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрөнүн реконструкциядан кийинки көрүнүшү. Сүрөт, видео

На русском
17:40, 15-апрель, 2026 638

АКИpress - 15-апрелде Бишкекте Чоң Чүй каналы аркылуу өткөн Лебединовка—ГЭС-5 жолундагы көпүрөнү реконструкциялоо иштери аяктап, унаалар үчүн жол ачылды.

Тилкенин башчысы Жакшылык Алмазбек уулунун айтымында, жол эки тарапка жалпы төрт тилкеге кеңейтилди. Учурда жолго убактылуу сары сызыктар чийилген. Май айында жолго аба ырайынын ар кандай шарттарына туруктуу болгон кошумча асфальт төшөлөт. Ошондой эле көпүрөнүн жөө адамдар өтүүчү бөлүгүн асфальттоо пландалууда.

Мындан тышкары көпүрөнүн чыгыш тарабында жөө адамдар үчүн өзүнчө өтмөктүн курулушу уланууда.

«Жакында Береговая көчөсүнөн түндүктү көздөй кеткен жолдун 60 метрлик тилкесин оңдоо башталат. Кыймылга тоскоолдук жаратпоо үчүн жумуштар жолду толук жаппастан, ар бир тараптан бирден тилке боюнча этап-этабы менен жүргүзүлөт», - деп жазылган маалыматта.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»