АКИpress - Кара-Кулжа районундагы базарды 3 эле киши ээлеп алган экен, деди президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда.
«60 га жерге 3 адам кожоюн экен. 2,5 га бош турган жер автобазанын жери экен. Ошол жерди алмай болдук. Ошол жерге базар салмай болдук дагы баягы 60 га жердеги базарыңарды жол тыгын болбошу үчүн ошол жерге көчүрмөй болдук. Автобектти болсо муниципалдык менчикке өткөрүп берип жатабыз. Аны дагы оңдоп беребиз. Бүтүндөй респуублика боюнча автобекеттерди оңдоп келе жатабыз. Нарында, Кочкордо, Ысык-Көл, Чүй, Таласта - бардык жактагы автобекеттерди илгерки калыбынан дагы жакшынакай кылып жаңыртып келе жатабыз», - деди президент.