03:52, 15-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
08:43, 14-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Талдык ашуусуна тоннель салынат, - президент
15:09, 14-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду
15:17, 14-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Жогорку Кеңешке 19-округдан жаңы депутат келди

«Starlink'тин» техникалык ишке кириши жакынкы мезгилге пландалууда, - Минкаб

На русском
23:17, 14-апрель, 2026 249

АКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 14-апрелинде АКШнын Вашингтон шаарында «SpaceX» компаниясынын «Starlink» багыты боюнча улук директору Райан Гуднайт менен жолугушкандыгы маалымдалды.

Маалыматка ылайык, жолугушуу ЭВФ жана Бүткүл дүйнөлүк банктын тобунун жазгы жыйындарынын алкагында өттү.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда спутниктик интернетти ишке киргизүү боюнча тутумдуу иштин жыйынтыгын жана пилоттук долбоорду баштоо үчүн бардык зарыл уруксаттарды берүү процессин аяктоосун карап чыгышты.

Касымалиев былтыркы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптарга сервис пилоттук түрдө ишке киргизүүнү камсыздоо стратегиялык милдети коюлганын эске салды. Өткөн мезгил ичинде өлкөнүн мамлекеттик органдары тарабынан зарыл болгон ченемдик-укуктук базаны түзүү боюнча комплекстүү иштер аткарылды.

Өз кезегинде компания бардык зарыл талаптарды аткарып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен келишимдерге кол койду.

Жолугушууда жакынкы арада ишке киргизүү пландалып жаткан сервистин алдыдагы техникалык ишке киришине көңүл бурулду.

Тараптар спутниктик интернетти киргизүүнүн күтүлүп жаткан социалдык маанилүү таасирин талкуулашты: алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоочулар үчүн жогорку ылдамдыктагы байланыш менен камсыздоо, ошондой эле мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объекттерди санариптик ресурстарга туташтыруу.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сервисти ишке киргизүүгө жана Кыргызстанда социалдык маанилүү демилгелерди ишке ашырууга багытталган мындан аркы өз ара аракеттенүүгө жана күч-аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин ырасташты.

Маалымат үчүн:

Пилоттук долбоор ачык-айкындык жана тең шарттар принцибинде ишке ашырылат. Анда белгиленген талаптарга толугу менен жооп берген шартта спутниктик интернет кызматтарын көрсөткөн бардык компаниялар катыша алышат.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»