04:47, 15-апрель, 2026

Кара-Кулжада быйыл 40 чакырым жол оңдолуп-түзөлөт, - президент

На русском
23:08, 14-апрель, 2026 322

АКИpress - Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Кулжа районунун тургундары жана активи менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Жол инфраструктурасы боюнча маселелерди талкуулап жатып, Садыр Жапаров Мырза-Аке—Кара-Кулжа жолунан тышкары, райондо 65 чакырым жолго асфальт төшөлгөндүгүн айтты. Быйылкы жылы дагы 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө жана реконструкциялоо пландалууда.

«Республикалык бюджеттин эсебинен саламаттыкты сактоо объекттерин куруу жаатында Шаркыратма айылында үй-бүлөлүк медициналык борбордун курулушу жүрүп жатат. Сиздер менен жолугушуу алдында сейил бактарды жана стадионду реконструкциялоо долбоорлору менен таанышып, жаңы коомдук-маданий борбордун ачылышына катыштым. Мындан тышкары, быйыл бир катар мектептердин, бала бакчалардын, кошумча имараттардын жана спорт залдардын курулушу жүрүүдө», - деди президент.

Мамлекет башчы билим берүү тармагындагы негизги милдеттер инфраструктураны жакшыртуу, кадр жетишсиздигин жоюу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу экендигин белгиледи.

Ал мектептерди предметтик мугалимдер менен камсыз кылуу жана мугалимдердин квалификациясын системалуу түрдө жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, райондун мугалимдерине материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында ноутбуктар берилгендигин кошумчалады.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»