04:47, 15-апрель, 2026

Президент Кара-Кулжа районунда селден коргоочу дамба куруу долбоору менен таанышты

На русском
23:03, 14-апрель, 2026 275

АКИpress - Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун азыркы абалы жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчыга Кара-Кулжа районунун акими Замирбек Сыдыков маалымат берди.

Презентация учурунда калктын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана аймактын жашоочуларынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор сунушталды.

Атап айтканда, Ылай-Талаа айыл аймагынын Сай айылында узундугу 2,7 чакырым болгон коргоочу дамба куруу долбоору ишке ашырылды. Муну менен 26,3 га жер өздөштүрүлүп, 2 417 тургун сел коркунучунан корголду.

Келечекте өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин төмөндөтүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу каралууда: сел коркунучуна кабылган 8 тилке коргоого алынат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»