02:50, 15-апрель, 2026

14-апрелден тарта Жибек Жолунун бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды

На русском
22:31, 14-апрель, 2026 267

АКИpress - 14-апрелден тарта Бишкекте Жибек Жолунун бир бөлүгү убактылуу жабык, деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан.

Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кыймылы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулду.

«Айдоочуларга алдын ала маршрутту пландап, альтернативдик айланып өтүүчү жолдорду колдонуу сунушталат», - деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»