АКИpress - Акылбек Туратбек уулу мамлекеттик «Кыргыз фармация» ишканасынын директору болуп дайындалды. Ал 2026-жылдын январь айынын аягында дайындалган Болот Жунусовдун ордуна келди.
14-апрелде Туратбек уулу ишкананын жамаатына тааныштырылды.
Акылбек Туратбек уулу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын юриспруденция адистиги боюнча (артыкчылык диплому менен) аяктаган, 3-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси чинине ээ.
Президенттин администрациясында эксперт, инспектор жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматтарын аркалаган.