01:41, 15-апрель, 2026

Акылбек Туратбек уулу "Кыргыз фармациянын" директору болду

На русском
18:22, 14-апрель, 2026 539

АКИpress - Акылбек Туратбек уулу мамлекеттик «Кыргыз фармация» ишканасынын директору болуп дайындалды. Ал 2026-жылдын январь айынын аягында дайындалган Болот Жунусовдун ордуна келди.

14-апрелде Туратбек уулу ишкананын жамаатына тааныштырылды.

Акылбек Туратбек уулу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын юриспруденция адистиги боюнча (артыкчылык диплому менен) аяктаган, 3-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси чинине ээ.

Президенттин администрациясында эксперт, инспектор жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматтарын аркалаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»