00:59, 15-апрель, 2026

Видео — Талаага таштанды ыргыткандар аларды кайра алып кетүүгө аргасыз болушту

На русском
17:05, 14-апрель, 2026 403

АКИpress - 13-апрелде Бишкекте белгисиз адамдар Калыс-Ордо конушунун жанындагы талаага таштанды ыргытышкан.

Муниципалдык инспекциядан билдиришкендей, мурда бул аймакта ишембилик өткөрүлүп, тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Бул боюнча инспекторлор жеринде болуп, текшерүүнүн жыйынтыгында укук бузуучунун өздүгү аныкталган. Ага Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле, укук бузуучулар өздөрү таштаган таштандыларын толугу менен тазалап кетишти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»