АКИpress - 16-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объекттерине ичүүчү суу берүү токтотуларын Бишкек мэриясы маалымдады.
Суу өчүрүлө турган аймак:
- Лермонтов көчөсү—темир жол линиясы—Аламүдүн суусу—Чүй проспектиси—Аламүдүн суусунан Жибек Жолу проспектисине чейин,
- Жибек Жолу проспектиси—Никитин туюк көчөсү,
- Абдрахманов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин,
- Абдрахманов көчөсү Тери заводуна чейин,
- Аламүдүн суусу менен түштүккө карай Чоң Чүй каналына чейин, андан чыгышка карай Бакай-Ата жаңы конушуна,
- Лебединовка айылына – Калинин көчөсү, Лермонтов көчөсү аркылуу ЧЧКга чейин.
Суу «ККСК» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.