АКИpress - Дамирбек Ыразаков Н. Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жаңы жетекчи 13-апрелден тарта 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде кызматка киришти.
Ыразаков Дамирбек Абдикалилович 1986-жылы 16-июлда Ош облусунда туулган. Жогорку билимдүү, философия илимдеринин кандидаты жана педагог.
2005–2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинде Музыкалык билим берүү адистиги боюнча билим алган.
2010–2013-жылдары К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Эстрадалык вокал багытын аяктаган.
2015–2019-жылдары Ош мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2014–2020-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу жана декандын тарбия иштери жана контракт боюнча орун басары;
2020–2024-жылдары Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбордун директору;
2024–2026-жылдары Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун директорунун орун басары (декан) болуп эмгектенген.