00:59, 15-апрель, 2026

Садыр Жапаров сугат жерлерди сарамжалдуу колдонууга чакырды

На русском
17:34, 14-апрель, 2026 247

АКИpress - Кечээ, 13-апрелде президент менен жолугушууда Алай районунун тургуну сугат жер категориясындагы жерлерди кайрак жер деп которууну демилгелеп, президент буга каршы чыкты.

«Кытайга баргандар көрүп жүрсөңөр керек. Шанхайдан Пекинге тоонун үстү менен учсаңар тоонун үстүн кыркып салып, ошол жерлерге чай, буудай айдап жатат. Бир түтүк менен сууну чыгарат төбөсүнө, челекке сууну толтурат, анан кийин тамчылатып суугарат. Мына жер айдаш үчүн тоолордун төбөсүн кырка баштады. Тоонун боорлоруна чайларды айдап алып алып ушинтип жатат.

Кийин биз да ушунтип калабыз. Ошон үчүн колдон келишинче сугат жерлерибизди сактайлы. Мен акимдерге, айыл өкмөттөргө, бардыгына айтып жатам. Сугат жерлерди сактагыла деп. Жерге бирдеме салып ийбегиле, үй салууга бербегиле, имарат куруп ийбейли деп. Шаардын тегереги болсо анда болот эле. А айыл жерлерде сугат жерлерге колдон келишинче тийбегиле», - деди Садыр Жапаров.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»