00:42, 15-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:17, 14-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
Жогорку Кеңешке 19-округдан жаңы депутат келди
15:09, 14-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду
12:16, 13-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду

Өзгөндө эркек киши 279 миң сом алимент төлөбөгөндүгү үчүн бир жылга эркинен ажыратылды

На русском
15:36, 14-апрель, 2026 234

АКИpress - Өзгөн районунда алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын карамагындагы Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.

Өзгөн райондук бөлүмүнүн кароосунда П.М. аттуу жарандын кирешесинин 1/3 бөлүгүн балдардын тарбиясы үчүн алимент катары өндүрүү боюнча  Т.П. аттуу жарандын пайдасына аткаруу өндүрүшү каралып жаткан.

«Ага алиментти ыктыярдуу төлөө боюнча бир нече жолу сунуштамалар берилген, бирок талаптар аткарылбай, алимент боюнча карызы 279 миң 180 сомду түздү», - деп белгилешти аталган кызматтан.

Алимент төлөөдөн качкандыгына байланыштуу материалдар КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси боюнча жоопкерчиликке тартуу маселесин чечүү үчүн сотко жөнөтүлгөн.

8-апрелде Өзгөн райондук сотунун өкүмү менен П.М. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркинен ажыратылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»