02:26, 15-апрель, 2026

Түркиядагы лицейлердин биринде ок атылып, 18 адам жабыркады

На русском
15:30, 14-апрель, 2026 401

АКИpress - Түркиянын Шанлыурфа провинциясындагы лицейде куралдуу кол салуу болду. Бул окуя Ахмет Коюнжу атындагы кесиптик-техникалык лицейде болгонун «Sabah» басылмасы жазды.

ЖМКлардын маалыматына караганда, окуучу мектептин имаратына мылтык менен кирип, ок чыгарган. «Hurriyet» басылмасы провинциянын губернаторуна шилтеме берүү менен билдиргендей, кол салган адам – 2007-жылы туулган мурдагы окуучу. Ал өз жанын кыйган.

Кол салуунун натыйжасында 18 адам жабыркады, алардын ичинен 12 окуучу, 2 мугалим жана 2 карапайым жаран бар. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»