02:19, 15-апрель, 2026

“Кыргыз тасмасынын” жетекчиси кызматтан алынды

На русском
15:29, 14-апрель, 2026 384

АКИpress - 13-апрелде Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин комиссиясы «Өч-2» көркөм тасмасын өлкө аймагында көрсөтүүгө тыюу салды

«Эксперттик комиссия тарабынан тасманын мазмуну талданып, анын ичинде зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөрдүн басымдуулугу белгиленди.

Ошондой эле тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык маанини берүү элементтери жетишсиз экени айтылды.

Комиссиянын корутундусуна ылайык, аталган тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар аудиториясына терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар экендиги аныкталды», - деп айтылат расмий маалыматта.

Буга байланыштуу “Кыргыз тасмасы” мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Түлекеев да ээлеген кызматынан бошотулду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»