02:19, 15-апрель, 2026

30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду

На русском
15:09, 14-апрель, 2026 8813

АКИpress - Момбеков Нурлан Таалайбекович Каракол шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Талантбек Иманов кол койду.

Момбеков турак жай-коммуналдык чарба маселелерин карайт.

Нурлан Момбеков 1996-жылы 16-июлда Бишкек шаарында туулган. 2014-2018-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КНУ) юридикалык факультетинде окуган. 2018-2020-жылдары аталган окуу жайда юриспруденция адистиги боюнча магистр даражасын алган.

Эмгек жолу:

- 23.07.2018-29.03.2019 – Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси;

- 01.04.2019-21.05.2020 – Юстиция министрлигинин социалдык мыйзамдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- 09.07.2019-21.05.2020 – Юстиция министрлигинин экономикалык жана социалдык чөйрөдөгү актылардын долбоорлорун экспертизалоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- 21.05.2020-11.05.2021 – Юстиция министрлигинин экономикалык жана социалдык чөйрөдөгү актылардын долбоорлорун экспертизалоо бөлүмүнүн башкы адиси;

- 11.05.2021-10.11.2021 – Юстиция министрлигинин Экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын экономикалык мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси;

- 1.11.2021-15.06.2022 – Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Каттоо саясаты жана документтештирүү башкармалыгынын башкы адиси;

- 15.06.2022-13.11.2022 – Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башкы адисинин милдетин аткаруучу;

- 14.11.2022-21.07.2023 – Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

- 24.07.2023-07.09.2023 – Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча секторунун жетекчиси;

- 04.10.2023-09.04.2025 – президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин директорунун кеңешчиси;

- 20.05.2025-25.03.2026 – Президенттик администрация.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»