04:20, 15-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
12:16, 13-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
15:09, 14-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду

Алайдын тургуну Чыйырчык ашуусунда мыйзамсыз казуу иштери жүрүп жатканын билдирди

14:33, 14-апрель, 2026 484

АКИpress - Алай районунун Ташкоро айылынын тургуну Чыйырчык ашуусунан курулушка керектеле турган материал мыйзамсыз казылып жатканын билдирди. Бул маселе кечээ, 13-апрелде президент менен өткөн жолугушууда көтөрүлдү.

«Чыйырчык ашуусу Алай менен Чоң Алай райондорунун босогосу болуп эсептелинет. Курултайда убакыт аз болуп, толук айта албай кылгам. Көрктөндүрүү боюнча жарлыгыңыздын алкагында жакында миң көчөт тиктик. Биздин ошол бир эле жайлообуз бар, жайытыбыз. Ушуну казам деген "Нуртеит" деген фирма бар. Амалкөй бала экен, бир туруп, бир каяктагы фирмалардын атын коюп, кайра аны жок кылып, башка фирманы... Сары таш казам деп ошол жайытыбызды ар жерден ойгулап салган», - деди тургун.

Президент эгер жер жайыт жер болсо чара көрүүнү тапшырды.

«Жайыт жер. Анан бул жерде тарыхый күмбөз бар. Тилеке баатыр дегендин байбичеси Кыңгырактын күмбөзү ошол жерде жайгашкан. Анан жакында дагы балдар тартып келишти, ташка жазылган тарыхый жазуулар бар экен. Муну да изилдедим. Ата-бабаларыбыз жайлоого, кыштоого көчүп жүрүп, жайында өтүп кеткен балдарын ошол жерге көмүп "Бала бейит" деп аталып калган ал жер. Ушундай жерибизди каздырып, биз каякка барабыз? Өзү тиричилигибиз мал-чарбачылык болсо», - деди тургун.

Президент акимге жайыт жерди каздырбоону тапшырды. Ал эми президенттин Ош облусундагы туруктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев казууга берилген 2 лицензияны кайтаруу чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»