03:59, 15-апрель, 2026

Алай районунун тургуну пенсиядагы коэффициентти калтырууну суранды

13:54, 14-апрель, 2026 483

АКИpress - Алай районунун тургуну бийик тоолуу аймактагы айыл деген макамынан ажыраган айылдын тургундарынын пенсиясы үчүн коэффициентти калтырууну сунуштады. Бул тууралуу кечээ, 13-апрелде президент менен уюштурулган жолугушууда айтылды.

«Мурда 1.45 деген коэффициент бар эле, аны алып коёт экен. Жаңы тизмеге 74 айыл айыл кирбей калыптыр», - деди карыя.

Президент андан аталган айыл деңиз деңгээлинен канчалык деңгээлде бийик жайгашкандыгын сурады.

«1800 метрби же ылдыйбы? Андан жогорулар бар болсо карагыла. Жогорунун баары кириш керек. Ал эми ылдыйларга кыйын болуп калат. Мыйзамга туура келбейт», - деди ал.

Ошондой эле адис тарабынан маалымат берилип, былтыр эмгек министринин орун басары, Мамкартография, геодезия мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлгөндүгү айтылып, бардык калктуу конуштар бийиктикти аныктоо боюнча инвентаризацияланганы кабарланды.

«Учурда Алай районундагы 12 калктуу конуштун алтоосу иш жүзүндө жок айыл болуп чыккан. Алты конуш 1 800 метрден төмөн экендиги аныкталган. Бирок учурда коэффициентер өзгөргөн жок, мурдагы боюнча калган. Эч кандай кооптонуу жок», - деди адис.

Президент 2006-жылы депутат болуп жүргөн кезде бийиктиги 1 800дөн өйдө карай бийик болгон айылдар — бийик тоолуу аймак болуп эсептелет деген мыйзам кабыл алынганын белгиледи.

«Муну биз 2006-жылы мен ал убакта депутат элем, ошол мезгилде кабыл алганбыз бул мыйзамдарды. Анан бир метр жетпей — 1 799 метр болуп калып, кирбей калган айылдар болгон. Бүгүнкү күнгө чейин ыйлап жүрүшөт. Анан эми эгер ушинтип эле баарын киргизип кой дей берсе, андай миңдеген айыл бар, баары эле киргизилиши керек болот. Мыйзам деген мыйзам, эреже деген эреже. Ошон үчүн буга капа болбойсуздар», - деп жооп берди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»