05:09, 15-апрель, 2026

Өзүбүздүн бала деп шайлаганыңар парламентте 300 сомдук маселени көтөрүп жүрөт, - президент

На русском
11:54, 14-апрель, 2026 15547

АКИpress - Кечээ, 13-апрелде президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун тургундары менен жолуккан учурда 2 жылдан бери курултайга жаш өкүлдөр шайланып, бирок барбай калып жаткандыгы айтылды.

«Шайлайбыз, бирок жергиликтүү бийлик жөнөтпөйт», - деди жергиликтүү тургун.

Президент курултайга келе тургун өкүлдү тандоо жергиликтүү кеңештин төрагасы, депутаттары тарабынан уюштуруларын белгиледи. Тургун алардын соттуулугуу бар деген жүйөө келтирилгендигин кошумчалады.

«Эл өзүңөр шайлап туруп жиберишиңер керек. Соттолгондор болсо анда болбойт, мыйзам бар. Мына биз силерге — элге бийликти берип жатабыз колуңарга. Курултайга эркин шайлоо кылып, айыл өкмөттү катыштырбай келебиз. Мен муну өзүм көзөмөлдөп жатам. Эмне үчүн дегенде, айыл өкмөт, акимдер, баякы бакырчак-кыйкырчактар уурулук иштеримди айтып ийбесин деп жибербей коюшу мүмкүн деп ойлогом.

Шайлоо боюнча да ошондой. Мына Жогорку Кеңешке шайлоону кылдык, өзүңөргө эркин шайлоо бердик. Эми мындан ары дагы ошондой болот. Жергиликтүү бийлик кийлигишпейт. Мугалимдер, дарыгерлер аралашпайт. Силерге "Түздөн-түз өкүлүңөр, өзүңөр жибергиле" деп округдан үч депутатка, эки эркек, бир аялга орун берип жатабыз.

Акчага сатылбаганга, тааныш-билиштик кылып шайлабаганга, иштей турган, жаш, энергиялуу, сабаттуу адамдарды шайлоого көнөлү. Акчага сатылып шайласаңар, анда кебетебиз баягы илгерки эле 30 жыл мурунку кебетеге түшүп калабыз. "Бизге керектүү мыйзамдарды жазып берет",  "Ушул өсчү бала деп" шайлагыла. Тууган-урук деп эле шайлап бересиңер. "Ошол өзүбүздүн бала, өзүбүздүн айыл" деп. Ал барып МАИлер менен урушуп, Жогорку Кеңеште 300 сомдук маселени көтөрүп жүрөт. Айылдын, райондун эле маселеси эмес, 3 миллиарддык, 3 триллиондук маселелерди көтөрүш керек. Мамлекеттик масштабдагы маселелерди көтөрүш керек», - деди ал.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от БАРАКЕЛДЕ (@barakeldeorg)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»