04:36, 15-апрель, 2026

«Кудайберген» базарында Патрис Лумумба көчөсү бирдиктүү дизайнга келтирилет

На русском
10:58, 14-апрель, 2026 379

АКИpress - Бишкектеги «Кудайберген» базарында Патрис Лумумба көчөсүнүн Дэн Сяопин менен Профсоюз көчөсүнүн аралыгы бирдиктүү архитектуралык стилде жасалат. Бул тууралуу 14-апрелде «АКИpress» агенттигине Биринчи май районунун акиминин орун басары Азиз Байысов билдирди.

Акимчилик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү ишкерлерди маалымдоо үчүн аталган тилкеге чогулушту.

Байысов «Кудайберген» базарын иретке келтирүү боюнча мурда да иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн эске салды. Анын айтымында, азыркы учурда Дэн Сяопин проспектисинде Патрис Лумумба менен Кустанай көчөлөрүнүн аралыгында бакча курууга даярдыктар көрүлүүдө.

«Бардык келишимдер бузулуп, азыр Дэн Сяопин проспектисинин боюнда жайгашкан объекттерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Патрис Лумумба көчөсүн иретке келтирүү иш-чараларынын алкагында мыйзамсыз орнотулган жарнамалар алынат. «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан бардык көрнөк-жарнак ​​жана жазууларды бирдиктүү тартипке келтирүү иштери жүргүзүлөт», - деди район акиминин орун басары.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»