АКИpress - Чоң-Алай районунун тургуну 3 чакырым жолдун 1 чакырым асфальтталса калганы шагыл боюнча турганын айтты. 13-апрелде жергиликтүү тургундар менен жолуккан президент Садыр Жапаров транспорт министри Талантбек Солтобаевге кайрылды.
«Акыркы 5 жылдан бери какшап айтып келе жатам. 1 чакырымдык жол жасабагыла деп, мына дагы бир мисал. Ал жол 5 эсе кымбат болот. Эмне үчүн айылдагы жолдорго 1 чакырымына асфальт салып коюп анан кетип калышат? Министрби, депутатпы - айылдын чок ортосундагы 500 м, 1 чакырым болгон жолун жасап коёт экен дагы анан барып "мен жасадым, мени шайлап кой" дейт экен. Ал жол 5 эсе кымбат чыгым менен салынат. Эң аз дегенде 5-10 чакырымдык жол салынышы керек. Ал жерге асфальт-бетон салынат, ошончо техника, инерттүү материалдар алып барылат. Ошондо гана өздүк наркы арзан болот.
Какшап келатамын, дагы деле 1 чакырымдык жолду сала коймой адатыңар бар экен. Айылдын ичине кирдиңби, анда бардык жолун жасап чык, жолдору чаң басып жатпасын», - деген ажо министрге эскертүү берди.
Министр асфальт-бетон чыгарган заводдор 10 жерге — жолдор көп курулган аймактарга жайгашканын айтып, айылдарга ташып баруу жогору чыгым болорун белгиледи.
Президент ушул маселени айтып жатканын белгилеп, министрликке «депутаттын, министрдин суранычы» менен жол салбоону тапшырды.