АКИpress - Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын тургуну этникалык кыргыз энеден төрөлгөн 9 жашар кыздын күбөлүгү жок экенин айтып, документтерин тариздөөгө жардам берүүнү өтүндү.
Анын айтымында, кайнатасынын 2-турмушу мургабдык кыргыз менен болгон. Кыздын энесинин документтери болгон эмес жана аны үйдөн төрөгөн. Мындан улам азыр анын күбөлүгү жок, ал эми ата-энеси дүйнөдөн өтүп кеткен.
Президент Садыр Жапаров 1 жуманын ичинде этникалык кыргыз катары анын туулгандыгу тууралуу күбөлүк берүүнү тапшырды.
«Кыргызстанда паспорту жок бир дагы жаран болбошу керек», - деди ал.