11:20, 14-апрель, 2026

Эки жаат болуп чабыша берет экенсиңер, - президент айылдарга адам аттарын ыйгаруу боюнча

09:16, 14-апрель, 2026 580

АКИpress - Алайдын тургуну үзү жашаган айылдын аталышын Алымбек датка кылып өзгөртүүнү суранды. 13-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусунун Чоң-Алай районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда аталган аталышта медресе салынып жатканын маалымдады.

«Алымбек датканын 225 жылдыгы өттү, бирок ошого чейин үлгүрбөдүк. Биздин Тилектеш айыл өкмөтүндө айылдык кеңеш тарабынан токтомдор чыккан, элдик жыйындар болгон. Атын алмаштырып берүүңүздү сураныбыз», - деди ал.

Президент азыр жалпы республика боюнча аталышы орусча коюлуп калган айылдардын аттарын алмаштыруу маселеси каралып жатканын кабарлады.

«Келерки жылы бүтүрөбүз муну. Бирок ошол эле учурда айылдарга, айыл өкмөттөргө, адамдардын аттарын койбойлу деп чечим кабыл алганбыз. Экиге бөлүнүп, эки жаат, үч жаат болуп эле чабыша берет экенсиңер. Эмнеге "мунукун коёбуз", "меники деле бар", "менин атам деле укмуш кыйын болгон" деп. Мындайды биз миң деген жолу көрдүк. Ошон үчүн капа болбоңуздар. Алымбек датканын аты тарыхта жазылып калган, ал өчпөйт. Айылга атын койсо эле, көкөлөп учуп кетпейт.

Экинчиден, Ошто Алымбек датка салып кеткен мурдагы медресе бар экен. Кийин жок болуп кеткен экен. Ошону мен салдырып жатам. Аймактагы туруктуу өкүлүмө айттым элем. Эсиңдеби? Так өзүндөй кылып, таштан салып койгула деген тапшырма болгон. Азыр иш жүрүп жатат», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»