13:03, 14-апрель, 2026

Президент апасы мургабдык кыргыз болгон 9 жашар кызга 1 жуманын ичинде күбөлүк берүүнү тапшырды

На русском
10:04, 14-апрель, 2026 471

АКИpress - Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын тургуну этникалык кыргыз энеден төрөлгөн 9 жашар кыздын күбөлүгү жок экенин айтып, документтерин тариздөөгө жардам берүүнү өтүндү.

Анын айтымында, кайнатасынын 2-турмушу мургабдык кыргыз менен болгон. Кыздын энесинин документтери болгон эмес жана аны үйдөн төрөгөн. Мындан улам азыр анын күбөлүгү жок, ал эми ата-энеси дүйнөдөн өтүп кеткен.

Президент Садыр Жапаров 1 жуманын ичинде этникалык кыргыз катары анын туулгандыгу тууралуу күбөлүк берүүнү тапшырды.

«Кыргызстанда паспорту жок бир дагы жаран болбошу керек», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»