11:20, 14-апрель, 2026

Алайдын тургундары президентке кандай көйгөйлөрдү айтышты?

08:57, 14-апрель, 2026 315

АКИpress - Садыр Жапаров 13-апрелде Ош облусунун Алай районунун активи жана тургундары менен диалог өткөрдү.

Негизги темалар катары жол инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде Ош–Эркечтам унаа жолун модернизациялоо жана ички жолдордун абалын жакшыртуу маселелери болду. Тургундар ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйлөрүн чечүү, мектеп, бала бакча жана башка социалдык объекттерди куруу жана жаңылоо зарылдыгын белгилешти.

Жер ресурстары боюнча маселелер да айтылды. Жолугушууга катышкандар жер тартыштыгы, жер тилкелерин трансформациялоо жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу көйгөйлөрүн көтөрүштү. Айрыкча тарыхый жана маданий мааниге ээ аймактарды сактоо жана жергиликтүү тургундардын пикирин эске албай, чарбалык максатта пайдаланууга жол бербөө зарылдыгына көңүл бурулду.

Диалог учурунда укуктук мүнөздөгү — айрым соттук чечимдерден тартып, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө, социалдык төлөмдөргө жана пенсиялык камсыздоого байланышкан кайрылуулар да айтылды. Алардын айрымдары кошумча изилдөөнү жана укуктук баа берүүнү талап кылат.

Тургундар айыл чарбасын колдоо маселелерин көтөрүштү. Бул багытта ирригацияны жакшыртуу, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле жашылдандыруу жана фермердик чарбаларды өнүктүрүү демилгелери тууралуу да сөз болду.

Мындан тышкары мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү темасы козголду. Президент электрондук кызматтарга өтүү жарандарга негизги документтерди аралыктан алууга мүмкүнчүлүк түзүп, бюрократиялык жол-жоболордон арылта турганын айтты. Ал жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берип, чет өлкөлөрдө да тааныларын  белгиледи.

Жолугушууда тургундардын бири министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аймактарга бат-баттан барып туруусу тууралуу сунуш киргизип, көп маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечүүгө болорун айтты.

Садыр Жапаров бул сунушка пикирин билдирип, иш сапарынын алкагында жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн бир катар маселелер жергиликтүү жана тиешелүү бийлик органдарынын компетенциясына кирерин жана аймактык деңгээлде чечилиши керектигине ынанганын белгиледи.

Ушуга байланыштуу мамлекет башчысы жакын арада министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аймактарга үзгүлтүксүз чыгуу графиги бекитилерин билдирди. Бул чара жергиликтүү деңгээлде иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандардын кайрылууларын өз убагында кароого багытталган.

Суроо-жооптун жыйынтыгы боюнча президент тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, ар бир кайрылууну ыкчам жана объективдүү кароо зарылдыгына басым жасады.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров инфраструктураны өнүктүрүү, жашоо сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү негизги артыкчылыктар бойдон каларын белгиледи. Ал бул багыттагы иштер ырааттуу түрдө, аны менен катар алыскы жана бийик тоолуу аймактардын муктаждыктарын эске алуу менен улантыларын айтты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»