19:47, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (37 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
12:16, 13-апрель, 2026 (21 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
11:06, 13-апрель, 2026 (13 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды
10:31, 13-апрель, 2026 (8 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты

Иран АКШнын кадамын каракчылык катары баалап, эскертүү берди

На русском
17:04, 13-апрель, 2026 368

АКИpress - Иран армиясынын штабы АКШнын кеме портторун блокадалоосун каракчылык катары кабыл аларын билдирди. 

Белгилүү болгондой, Иран тарап эгер өлкөнүн Перс булуңу менен Оман деңизиндеги портторунун коопсуздугуна коркунуч жаралса, анда бул аймактагы бардык портторго тынчтык болбой турганын белгиледи.

Ошондой эле ал өзүнүн аймактык сууларында көзөмөл жүргүзүү Иран элинин мыйзамдуу укугу экенин айтты. Маалым болгондой, АКШнын аскердик операциясы аяктагандан кийин да Тегеран Ормуз кысыгына туруктуу көзөмөл жүргүзгөнү жатат.

Иранга каршы АКШ менен Израилдин операциясы башталгандан кийин ал Ормуз кысыгы аркылуу сооданы токтоткон. Буга чейин бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунайдын, конденсаттын жана мунай продукцияларынын 15–20%ы, ошондой эле суюлтулган жаратылыш газынын 30%дан ашыгы өтүп турган.

11-апрелде Исламабадда өткөн АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктагандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгын блокадалоону буйруган. Ал америкалык аскер-деңиз флоту кысыкка кирүүгө же андан чыгууга аракет кылган бардык кемелерди бөгөттөй турганын билдирген.

Мындан тышкары, Трамп Иранга өтүү үчүн акча төлөгөн кемелер да кармаларын айткан. Анын айтымында, мыйзамсыз төлөм жасагандар деңизде коопсуз өтө албайт. Трамп Иран кысыкты миналап, башка өлкөлөрдү шантаж кылып жатат деп билдирип, ал эми АКШ мындай шантажга жол бербей турганын кошумчалаган.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 13-апрелде америкалык аскерлер Иран портторуна кирген жана чыккан бардык деңиз транспортторуна каршы блокада киргизерин билдирди. Буга жооп кылып, Ирандын жогорку лидеринин аскер кеңешчиси Мохсен Резаи АКШнын Ормуз кысыгын блокадалоо аракетине Тегеран жол бербей турганын билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»