20:06, 13-апрель, 2026

Бишкекте кунг-фу боюнча мелдеште мушташ чыкты

На русском
13:02, 13-апрель, 2026 352

АКИpress - Социалдык тармактарга Бишкекте кунг-фу боюнча мелдеште мушташ чыкканы тууралуу видео тарады.

13-апрелде Биринчи май райондук милициясы билдиргендей, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жаңжалдын бардык катышуучулары милицияга жеткирилди.

Азыркы учурда өспүрүмдөр боюнча инспекторлор жана тергөөчүлөр окуянын бардык жагдайларын тактап жатышат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»