22:38, 13-апрель, 2026

Бишкекте Шабдан баатыр жана Фрунзе көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат. Карта

На русском
12:14, 13-апрель, 2026 191

АКИpress - 15-апрелден баштап Бишкекте Шабдан баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы Курманжан датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин убактылуу жабылат. Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот. Бул жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштерине байланыштуу, дейт мэрия.

Шабдан баатыр көчөсүндө түтүктүн диаметрин 1000 мм чейин чоңойтуу пландалууда. Аталган участок 1989-жылы пайдаланууга берилген жана кызмат мөөнөтү 25 жыл болгонуна карабастан, 37 жылдан бери иштеп келе жатат.

Фрунзе көчөсүндө түтүктүн диаметри 900 мм чейин чоңойтулат. Тармак 1988-жылы курулуп, 38 жылдан бери эксплуатацияланып жатат.

Иштер качан бүтөрү тууралуу маалымат берилген жок.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»