АКИpress - Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингте 5-орунду ээледи.
Жаңыртылган рейтинг 12-апрелде Бишкекте жыйынтыкталган Азия чемпионатынын негизинде түзүлдү.
Жуманазарова 68 кг салмак категориясында күч сынашып, 1-орунду ээлеп, алтын медалга ээ болду.
Мындан тышкары, кыргызстандык спортчу 10 000 упай топтоп, бул упайлар анын 5-орунга көтөрүлүшүнө жардам берди.
Мурунку рейтингде Жуманазарова 12-орунда болчу.