10:51, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
10:31, 13-апрель, 2026 (108 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты
08:31, 13-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
Доллардын эртең мененки баасы
10:37, 13-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
Венгрияда оппозиция парламенттик шайлоону жеңди

Президент кийинки жылы дагы медиктердин айлыгы көтөрүлөрүн жарыялады

На русском
08:51, 13-апрель, 2026 348

АКИpress - Президент Садыр Жапаров Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын ачылышында 2027-жылы дагы медицина кызматкерлеринин айлыгы жогорулай турганын жарыялады.

Ал дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

«Кыйынчылыкка, эмгек акынын аздыгына карабай, өмүр бою ушул кесипте иштеп келе жатканыңарга терең ыраазычылык билдирем.

Апрелден баштап эмгек акыны көбөйтүп жатабыз. Кийинки жылы дагы кошуп беребиз», - деди президент.

Ал мурда эле айлыкты көтөрсө болмок экендигин кошумчалады.

«Бирок эң чоң «армия» — мугалимдер менен дарыгерлер. Анан бюджетке дароо эле сезилет. Кичине эле көбөйтсөң, миллиарддаган сомдор кетет. Ошондуктан 4-5 жылдан бери жакшы көбөйтө алган жокпуз», - деп билдирди президент.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»