11:58, 13-апрель, 2026

Кыргызстандын хоккейчилери дүйнө чемпионатында 5-орунду ээледи

На русском
09:41, 13-апрель, 2026 325

АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Болгарияда өткөн дүйнө чемпионатында 5-орунду ээледи.

Экинчи дивизиондун В тайпасындагы командалар арасындагы турнир 6-12-апрель аралыгында София шаарында алты команданын катышуусунда өттү. Алар бири-бири менен бир жолудан беттешти.

Кыргызстандын курама командасы беш оюн өткөрүп, 4 упай топтоп, 5-орунду алды.

Жаңы Зеландияга каршы акыркы беттешке чейин кыргызстандыктар коло байге алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу, бирок бул беттеште жеңилип калышты.

Бул дивизиондо Израилдин курама командасыдүйнө чемпиону болду, экинчи орунду Жаңы Зеландия, үчүнчү орунду Исландия ээледи.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»