11:56, 13-апрель, 2026

Путин Иранга АКШ менен болгон сүйлөшүүлөрдө жардам берүүгө даяр экенин билдирди

На русском
09:24, 13-апрель, 2026 301

АКИpress - Россиянын президенти Владимир Путин ирандык кесиптеши Масуд Пезешкиан менен болгон сүйлөшүүсүндө Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн ортомчулук аракеттерге даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.

«Россия аймакта адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуу үчүн бардык өнөктөштөр менен активдүү байланыштарды улантат», - деди Путин.

Масуд Пезешкиан 11-апрелде Пакистанда өткөн Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрү тууралуу айтып берди.

Иран президенти Россиянын кырдаалды курчутпоого багытталган принципиалдуу позициясы жана Иран элине көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Америка менен Ирандын Пакистандагы сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында Ирандын Тышкы иштер министрлиги негизги маселелер боюнча бир пикирге келе алышпаганын, бирок диалог уланарына үмүт артарын билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы жана Ормуз кысыгындагы кырдаал боюнча компромисске жетишүү мүмкүн болбогонун айтты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»