10:51, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
10:31, 13-апрель, 2026 (108 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты
08:31, 13-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
Доллардын эртең мененки баасы
10:37, 13-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
Венгрияда оппозиция парламенттик шайлоону жеңди

Жакшылык Байташов эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту

На русском
13:49, 12-апрель, 2026 326

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Жакшылык Байташов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалдын ээси болду.

Ал 79 кг чейинки салмак категориясында катышып, таймашты 1/8 финалдан баштаган.

Турнирдеги алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан Индиянын спортчусуна утулган, бирок жубатуучу раундда коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында Байташов Иорданиянын балбанын жеңип, ал эми чечүүчү 3-орун үчүн болгон беттеште Тажикстандын өкүлүн утуп, коло медаль тагынды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»