16:33, 8-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:32, 8-апрель, 2026 (76 адам окуп жатат)
№19 округ боюнча бош калган мандат кимге өтөт?
15:00, 8-апрель, 2026 (28 адам окуп жатат)
Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлору шайланды
15:16, 8-апрель, 2026 (13 адам окуп жатат)
«Эркечтамда» чек арачы өзүнө ок атты

Көлбаевдин учурунда бизнесин алдырган жаран УКМКга да алданган, - депутат

На русском
13:23, 8-апрель, 2026 1135

АКИpress - Депутат Элвира Сурабалдиева бүгүн, 8-апрелде Жогорк укеңештин отурумунда башкы прокурор Максат Асаналиевден УКМКнын кызматкерлеринен жабыркаган жарандардын кайрылуулары боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады. Башкы прокурор отчет берип жаткан.

«Убагында Камчы Көлбаевден жабыркагандар бизге кайрыгыла деп УКМКнын жетекчилиги жарыялаптыр. Анан мага жакында бир жараныбыз кайрылып жатат. Көлдө бир пансионаты бар болчу экен. Убагында уюшкан кылмыштуу топ тартып алыптыр. "Сүйүнүп барсам, тескерисинче экинчи ирет менден УКМК кызматкерлери тартып алды" деди. Азыр ал мамлекетке өттүбү десем, жок, тегерегинде иштеп жүргөндөрдүн бирөөнүн колунда дейт. Ушундай учурлар текшерилип жатабы? Бул 2022 же 2023-жылы болгон окуя. Сизде маалымат барбы?», - деди ал.

Башкы прокурор мындай арыздар өтө көп түшүп жатканын белгиледи.

«Кечээ мен комитетте берген маалыматта да белгилеп кеттим. Азыр биздин өндүрүштө мындай мүнөздөгү 386 арыз каралып, ар кандай процессуалдык чечимдер кабыл алынып жатат. Учурдан пайдаланып айтып коёюн: кандай гана мыйзам бузуу болбосун, эч кимден коркпой, тартынбай, прокуратура, күч органдарына кайрылыңыздар. Сөзсүз түрдө мыйзам чегинде адилеттүү калыс чечимин чыгарып беребиз.

Сиз айтып жаткан пансионат боюнча так маалыматым жок. Мага ал кишинин маалыматын берип койсоңуз, териштирип чыгып сизге толук маалыматты берем», - деди Асаналиев.

Депутат күрөшөбүз деп, эл ишенип барса, кайра тартып алган учурлар өкүнүчтүү экенин белгилеп, жогоруда сөз болуп жаткан киши "Кимге ишенем?" деп арыз жазбай койгонун кошумчалады.

Сурабалдиева ошондой эле жакында түзүлөрү маалымдалган Тергөө комитети тууралуу да суроо узатты.

«Учурда тергөө боюнча бардык функциялар ИИМ, УКМК, прокуратурада. Ушул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?», - деди ал.

Башкы прокурор кызмат абалынан пайдаланып оор экономикалык зыян келтирүү фактыларын тергөөнү Тергөө комитетине тапшыруу туура болмок деген оюн билдирди.

Депутат ошондой эле «Охотник» аталышындагы дүкөндүн тегерегинде болуп жаткан маселеге да токтолду.

«Канча жыл өттү. Ал киши 71ге чыгып калыптыр. Акыркы 3 жылдан бери ызы-чуу интернеттен түшпөй келет. "Бүгүнкү күнгө чейин коркутуп, атамдын жанын койбой жатышат" деп, мага кызы кайрылды. Сураныч, ошону бир иликтеп, тактап коюңуздарчы. Сырттан инвестор издеп президентибиз чуркап жүрөт. Ал эми ичибизден өзүбүздүн инвесторубузду талкалап жатабыз», - деди ал.

Башкы прокурор бул боюнча мыйзам бузуулар аныкталганын, иш козголуп, анын алкагында тергөө аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.

Сурабалиева УКМК тарабынан тартып алынган мүлк тууралуу так маалымат берүүнү суранды.

«УКМК тарабынан мамлекетке өткөн мүлк кайтарылбайт деп ачык эле айтып койбойсуңарбы? Ортодо миңдеген кагаздарды жаздыртып жатасыздар азыр», - деди ал.

Асаналиев мүлктөр соттук териштирүүнүн негизинде мыйзам бузулуулар аныкталган үчүн Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүлгөнүн, ал эми кандайдыр бир макул эмес тараптар болсо, алардын сөзсүз түрдө арызданууга, даттанууга укугу бар экенин белгиледи.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»